Президент Садыр Жапаров 30-октябрдан 1-ноябрга чейин Бириккен Араб Эмираттарында иш сапары менен болот.
Сапардын алкагында Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы кызматташтыктын келечегин талкуулоого багытталган жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр пландаштырылган.
Өз ара пайдалуу кызматташтыктын бардык чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү максатында бир катар документтерге кол коюу мерчемделүүдө.