Жаңылыктар
Элчиден пайдалуу дарс
Кыргызстан жаңылыктары
Элчиден пайдалуу дарс

Талыкпас аракет жана туура кадам өнүгүүгө жол ачат. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дувень - Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин студенттерине дарс окуп жатып билдирди. Анда аталган дипөкүлчүлүктүн жетекчиси Кытайдын тышкы саясатына, анын ичинде кыргыз-кытай мамилелерине да токтолуп, эки тараптуу алака бир топ жогорку деңгээлде экенин белгиледи. 

Элчи өз сөзүндө кытай эли өлкөнүн Коммунисттик партиясынын жетекчилиги алдындагы бир топ жетишкендиктерине токтолду. Аталган саясий бирикменин негизги багыттары экономикалык өнүгүү, жакырчылык менен күрөшүү жана илимий-техникалык инновацияларды киргизүү дейт элчи.