Жаңылыктар
Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо улуттук форуму өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо улуттук форуму өттү

“Балдарды ырайымсыз мамиледен жана зомбулуктан коргоо: үй-бүлө, коом жана мамлекет үчүн мүмкүнчүлүктөр” аталышында алгачкы улуттук форум өттү. 

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, ушул жылдын 8 айында балдарга карата 400дөн ашык зомбулук фактысы катталган. Үй-бүлөдөгү зомбулук – татаал көйгөй, аны чечүү комплекстүү иш. Бул тууралуу белгилеген Социалдык өнүктүрүү жана миграция министринин орун басары, форумдун максаты өлкөнүн жогорку жетекчилигинин, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик мекемелердин аялдарга жана балдарга карата зомбулукка каршы күрөшүүгө аракетин жогорулатуу, көйгөйлөрдү, ошондой эле аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жолдорун биргелешип талкуулоо болуп саналат.