Арча-Бешик жаңы конушундагы Жайыл Баатыр көчөсүнүн Чортеков менен Алыкулов көчөлүрүнө чейинки бөлүгү толук курулуп ишке кирди.
3 чакырымга чукул магистарлдык жол Сокулук районунун айылдарына чыгат. Конуш тургундары бир канча жылдан бери жол боюнча шаардык мэрияга кайрылып убара тартышкан. Жол чыгыш-батышты көздөй өзүнчө багытта курулуп ар биринин туурасы 12 метрлик стандартка жооп берет. Андан сырткары жөө жүргүнчүлөр үчүн өзүнчө тротуар каралган. Февралда башталган курулуш иштери октябрда аяктады. Ленин районунда мындан сырткары да бир нече көчөлөрдү толук ачып чоң көчөлөргө кошуу иштери уланууда. Жолдун ишке кириши менен жаңы конушка каттаган бир нече маршруттук каттамдарга ыңгайлуу шарт түзүлдү.