Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды. Жолугушууда Министрлер Кабинетинин башчысы Туруктуу координаторду жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгиледи.
Акылбек Жапаров учурда кыргыз тарап тоолорду туруктуу өнүктүрүү жана тоо экосистемаларын сактоо маселесине өзгөчө көңүл буруп жатканын, ага байланыштуу 2022-жыл "Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылы" катары жарыяланганын эске салды. Антье Граве Кыргызстандын уюмга мүчө болушунун 30 жылдыгы менен куттуктап, бул маанилүү датаны эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташууну мындан ары кеңейтүүнүн белгиси катары атады.