Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Маданият күндөрүнүн ачылышына катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Маданият күндөрүнүн ачылышына катышты

Президент Садыр Жапаров жана Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн расмий ачылышына катышты. 

Куанышбаев атындагы Мамлекеттик академиялык казак музыкалык драма театрындагы ачылыш аземинде Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель да болду. 

Программанын алкагында өлкө лидерлери театрдын фойесинде уюштурулган Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарынын жана кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсүн көрүп чыгышты. 

Андан соң чоң концерт болуп, анда кыргыз өнөрпоздору «Манас» операсынын увертюрасынын фрагментин, «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү, Токтогул Сатылгановдун жана башка элдик көркөм чыгармаларды аткарышты. Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрү 29-октябрга чейин уланат. 

Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон бир күндүк иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди.