Өлкөдөн алтын камтыган руданы жана түзүмү жакшыртылган кенди ташып чыгарууга тыюу салуу менен Мамлекеттик бюджетке миллиондогон сом каражат салууга болот. Мындай пикирлерин тоо-кен тармагындагы адистер билдирип чыгышты. Тиешелүү жарлыкка Мамлекет башчысы кол койгон.
Кийинки жылдын 1-майынан тарта Кыргызстандан алтын камтыган руда, концентрат ташып чыгарууга убактылуу тыюу салынат. Чектөө 6 ай деп белгиленген. Тоо-кен тармагындагы адистер бул - стратегиялык чечим болгонун айтышууда.