Жаңылыктар
Чүйдө Элдик курултайга карата акыркы даярдыктар көрүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Чүйдө Элдик курултайга карата акыркы даярдыктар көрүлүүдө

Чүй облусунда Элдик курултайга карата акыркы даярдыктар көрүлүүдө. Учурда дубанда жергиликтүү курултайдан өткөн делегаттар республикалык маанидеги иш-чарага камданышууда.

Алар 5-ноябрда элдик курултайга бара турчуларын аныкташат. Талапкерлер өздөрү жашаган аймактардагы элдин көйгөйлөрү менен таанышып жатышат. Чүйдөгү даярдыктарга Дүйшөн Шаршенбеков көз салган.

Лебединовка айылында өткөн жергиликтүү курултайда, айыл эли Валерий Гражевскийдин талапкерлигин көрсөткөн. 58 жаштагы тургунду айылдаштары жөн жерден тандашкан эмес, анткени Лебединовкада төрөлүп, өскөндүктөн айылдын көйгөйүн жакшы билет. 20 жылдай аскер медицинасында эмгектенип учурда ардактуу эс алууда. 

7 айыл өкмөттөн турган Лебединовка айыл аймагынан жергиликтүү курултайда 150 делегат шайланган. Учурда буга чейин өткөрүлгөн жыйындардын протолдору менен делегаттардын анкеталары жергиликтүү кеңешке топтолууда.

Ушундай эле иштер Чүй облусунун бардык аймактарында жүрүудө. Дубанда делегаттар Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата райондорунан тандалса, азырПанфиловдон аныкталат. 

Облуста 15-октябрдан, 25-октябрга чейинки аралыкта 674 жергиликтүү жыйындар өткөрүлүп, 7 миң 49 адам делегат катары шайланган. Эми алар 5-ноябрда элдик курултайга бара турчуларын аныкташат.

Элдик курултайды өткөрүү тартиби боюнча ар бир айыл аймактарынан 2ден делегат, райондук маанидеги шаарлардан 1, ал эми, борбордук шаарлардан 2ден делегат шайланат. Делегаттарды тандоого жергиликтүү бийлик катышпайт. Болгону уюштуруу иштерине кол кабыш кылышат. Калган жумуштардын бардыгы жергиликтүү кеңештерге жүктөлгөн. Элдик курултай 25-ноябрда өтөт.