Жаңылыктар
Баткенде каза болгондор эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде каза болгондор эскерилди

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 14-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасында шейит кеткендердин арбагына багышталып куран окулду. 

Каргашалуу окуяда 50 аскер кызматкери 13 жай тургун курман болгон. Өткөн жылдын апрель окуясынан бери 1 жарым жыл аралыгында чек ара окуяларынан 100дөн ашуун кыргыз жарандары каза таап, 4 жолу масштабдуу чыр-чатак катталган. 

Соңку окуяда каза болгондорго 1 млн 200 миң сомдон жана батир берилерин өлкө башчысы билдирген болчу. Тажик тараптын куралдуу агрессиясынан 661 турак жай зыянга учурап анын 423ү толугу менен тонолуп, өрттөлгөн. 

Баткен районунун аймагында Достук жана Капчыгай айылдары дээрлик толугу менен талкаланып, ордуна жаңы айыл түптөө аракеттери көрүлүп жатат. 

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 971 чакырымды түзүп, калктуу аймактар тактала электигинен чек арага байланыштуу чыр-чатактар чыгып турат.