Жаңылыктар
"Мурас" көргөзмөсү ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
"Мурас" көргөзмөсү ачылды

Борбордогу Улуттук тарых музейинде Түркия мамлекетинин түптөлүшүнүн 99 жылдыгына карата “Мурас” аталышындагы көргөзмө ачылды. 

Анда Осмон империясынын доорунан бери сакталып келаткан “Түрк Хына Кечтери” үчүн кийилип келген Биндаллы көйнөктөрү коюлду. Бул кийимдер түрктөрдүн Борбор Азиядан көчкөнүнөн тартып, Сельчук, Осмон империяларынын түптөлүшүн жана түрк дүйнөсүнүн нарк-насилин, маданиятын чагылдырган улуттук кийим болуп саналат. Иш-чара Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги жана Маданият жана туризм министрлигинин демилгеси менен уюштурулду.