Жаңылыктар
“Азаттык Медиа” сайтынын иши токтотулду
Кыргызстан жаңылыктары
“Азаттык Медиа” сайтынын иши токтотулду

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" сайтынын ишин эки айга токтотту. Мындай чара өлкөнүн маалымат мейкиндигинде Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген такталбаган материалдарга жооп кайтарууга байланыштуу", - кабыл алынды деп билдирди министрлик. Тактап айтканда "Азаттык Медиа" 14-17-сентябрда орун алган Баткен облусундагы чек арага байланыштуу окуялар тууралуу такталбаган маалымат тараткан.