Жаңылыктар
Жакшылыкка 1 млн сомдук сертификат берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Жакшылыкка 1 млн сомдук сертификат берилди

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Баткен облусуна иш сапарынын алкагында Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны Жакшылыктын ата-энеси менен жолукту. Аларга уулунун депозиттик эсебине 1 млн сомдук сертификат тапшырылды. Өлкөнүн жети облусунан жана Бишкек шаарынан жети миллионунчу кыргызстандык менен бир учурда төрөлгөн 8 ымыркайдын ата-энелерине да 200 миң сомдон берилмей болду.