Быйылкы жылга белгиленген Балыкчы-Барскоон жолундагы толук оңдоп түзөө иштери, асфальт жаткыруу соңуна чыгууда. Жолчулар ушул тапта жалпы жыйырма беш чакырымга асфальт төшөө иштерин жыйынтыктап жатат. Бул ири долбоорду өлкө башчысынын тапшырмасы менен атамекендик жол куруучулар ишке ашырууда.