Чүй облусунда Элдик курултайга карата акыркы даярдыктар көрүлүүдө. Учурда дубанда жергиликтүү курултайдан өткөн делегаттар республикалык маанидеги иш-чарага камданышууда. Алар 5-ноябрда элдик курултайга бара турчуларын аныкташат. Талапкерлер өздөрү жашаган аймактардагы элдин көйгөйлөрү менен таанышып жатышат.