Жаңылыктар
Бүгүндөн тарта борбор калаага жылуулук бериле баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүндөн тарта борбор калаага жылуулук бериле баштады

Бишкек жылуулук борборундагы бардык от казандар кышка даяр. Алгач шаардагы ооруканалар, бала бакча, мектептер толук камсыз болуп, андан кийин борборго туташкан турак жайларга, өндүрүш тармагына берилет. 

Бир кышта Бишкек жылуулук борбору 1,5 млн тоннанын тегерегинде көмүр керектейт. Анын 400 миң тоннасы Казакстандан импорттолот. Негизги колдонулган көмүр Кара-Кечеден келет. Учурда борбордук кампада 257 миң тонна көмүр бар. "Кыргыз көмүр" ишканасы күн сайын 4 миң тоннадай көмүр ташып келүүдө. Ал эми сырттан алынган көмүр кампага ноябрдан баштап тартылат.