Жаңылыктар
Сокулукта мечитте уурулук жасоого шектүү жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Сокулукта мечитте уурулук жасоого шектүү жаран кармалды

Сокулукта мечитте уурулук жасоого шектүү жаран кармалды. 

Сокулук РИИБге жаран арыз менен кайрылып, анда белгисиз адам Сокулук айылында жайгашкан мечитке кирип, кайрымдуулукка акча чогултуучу кутучаны акчасы менен, видеобайкоо камерасынын мониторун жана кийимдер салынган сумканы уурдап кеткенин билдирип, чара көрүүнү суранган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Уурулук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. 

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектелип 25 жаштагы адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.