Нарындын Ат-Башы районунда волейбол оюну боюнча мелдеш өттү. Ал 50 жаштан жогору курактагы айымдар жана 60 жаштан өйдөкү эркектер арасында уюштурулду. Жалпы 12 команда катышып, оюндар күчтүү атаандаштыкта өттү.
Мелдешке катышкан ардагерледин улуусу 80 жашта болсо, кичүүсү 50 жашта болду. Турнирди Ат-Башы райондук ардагерлердин спорт комитети уюштурган, башкы максат сергек жашоону жайылтуу, саламаттыкка кам көрүү болуп саналат. Турнирдин жыйынтыгында мыкты оюн көрсөткөн катышуучулар жана командалар акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.