Жаңылыктар
Эдиль Байсалов Баткенде социалдык объектилерди кыдырды
Кыргызстан жаңылыктары
Эдиль Байсалов Баткенде социалдык объектилерди кыдырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилерди кыдырды. 

Ал Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгердик практика борборунун эс алуу жайынын иши, футбол аянтчасынын, ошондой эле операциялык бөлүмүнүн абалы менен таанышты. 

Сапардын алкагында Эдиль Байсалов 500 окуучуга эсептелген Уркуя Салиева атындагы орто мектептин аймагында болуп, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты, Кызыл-Кыя шаарынын БАМ кичи районундагы жаңы спорт залынын ачылышына катышты. 

Жумуш сапарынын соңунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары борбордук стадионго барып, машыктыруучулар курамы үчүн жаңы заманбап имараттын курулушунун жүрүшү менен таанышты.