Жаңылыктар
Корея Кыргызстанга тез жардам унааларын берди
Кыргызстан жаңылыктары
Корея Кыргызстанга тез жардам унааларын берди

Корея Кыргызстанга 4 тез жардам унаасын жана медицина кызматкерлери үчүн атайын жабдууларды берди. 

Маалыматка ылайык, унаалар менен жабдуулар Кыргызстандын элчилиги менен Кореянын Өрткө каршы улуттук агенттигинин ортосунда жетишилген макулдашуулардын негизинде Кёнгидо провинциясы тарабынан берилди. 

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова өзгөчө кырдаалдарга натыйжалуу чара көрүү үчүн техникалык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. 

Кёнгидо провинциясынын Өрткө каршы кызматынын эсеп бөлүмүнүн башчысы Ким Сёнву Корея Кыргызстан менен кызматташууну тереңдетүүгө ниеттенип жатканын, ошондой эле Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар, Саламаттык сактоо министрликтеринин кызматкерлери үчүн заманбап өрт өчүрүүчү жана тез жардам унааларын колдонуу боюнча окууларды уюштуруу ниетин билдирди.