Президент Садыр Жапаров Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Анда ал иштин темпин басаңдатпай, сапаттуу куруу зарылдыгын эскертти.
Ошондой эле, Мамлекет жетекчиси Балыкчы шаарында модулдук үйлөрдү курган жана Чүй облусунун Кемин районундагы жогорку сапаттагы шпалдарды чыгарууга багытталган 2 ишкананы да көрүп чыкты.