Жаңылыктар
Бешинчи каналга 25 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Бешинчи каналга 25 жыл

Чейрек кылымдык тарыхы бар “Бешинчи канал” жабык акционердик коомуна 25 жыл болду. Телеканалдын мааракелик майрамына карата К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде медиа форум өттү. “Бешинчи канал” 1997-жылы 17-октябрда “КООРТ” телеканалы болуп түзүлүп, декабрь айында эфирге чыга баштаган. Ошол күндөн тартып, өлкөдөгү алдыңкы каналдардын бири катары иш алып барууда. Азыркы учурда жамаатта 62 кызматкер эмгектенет. Корреспонденттик пунктар республиканын бардык облустарында иштейт. Каналда жаңылыктардан тышкары, таңкы көңүл-ачуучу программалар түз эфирде көргөзүлөт.