Жаңылыктар
Кочкордо асыл тукум мал идентификацияланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кочкордо асыл тукум мал идентификацияланууда

Нарын облусунун Кочкор районунда асыл тукум жылкыларга эн белги басылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 19 миң 269 баш жылкыга эн басылып, иштер 68,3%га аткарылды. План боюнча 28 миң 177 баш жылкыга чип басылууга тийиш. Ошондой эле Кочкор районунда асыл тукум койлорду идентификациялоо боюнча иштер жүрүүдө. Бүгүнкү күндө Арсы айылында 350 баш койго эн белгилери тагылды. Учурда Семиз-Бел айылында койлорду идентификациядан өткөрүү иштери жүрүүдө.