Жаңылыктар
Гемодиализ алгандардын саны көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Гемодиализ алгандардын саны  көбөйдү

Быйыл гемодиализ алгандардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 369 адамга көбөйдү. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 1-октябрына карата “Гемодиализ” маалымат базасында 5-стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган 2 202 бейтап бар, бул өткөн жылга салыштырмалуу 369 бейтапка көп. 

Жыл башынан сентябрь айына чейин диализ борборлору өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптарга 222 миң 800 гемодиализ сеансын көрсөтүштү. 

Бейтаптарга диализ акысыз жүргүзүлөт, тейлөө бардыгы үчүн бекер, төлөм Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан республикалык бюджеттен каралат.