Жаңылыктар
Келерки жылы Сеул - Бишкек аба каттамы ачылат
Кыргызстан жаңылыктары
Келерки жылы Сеул - Бишкек аба каттамы ачылат

Келерки жылы Сеул-Бишкек аба каттамы ачылат. Бул туурасында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кореянын Премьер-министри Хан Док Су менен жолугушканда белгилүү болду.

Каттамды түштүк кореялык «T'way» авиакомпаниясы үзгүлтүксүз аткарат. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты жандантуу маселелери талкууланды. Кореянын Премьер-министри бул сапар 16 жылдык тыныгуудан кийин болуп жатканын белгилеп, тараптардын өз ара кызыкчылыгын эске алуу менен кийинки мамилелерге керектүү импульс берет деген ишенимин билдирди. Тышкы иштер министрлигинин башчысы Кыргызстандын санариптештирүү, гидроэнергетика, тоо-кен жана текстиль өнөр жайы сыяктуу тармактарда кореялык бизнестин кеңири катышуусуна кызыкдар экенин белгиледи.