Жалбырактарды чогулткандан кийин өрттөгөндөр мыйзам чегинде 23 миң сомго чейин административдик айыпка жыгыларын Бишкек шаардык мэриясынан эскертишти.
Алар шаар тургундарын жалбырактар менен таштандыларды өрттөбөөгө чакырды.
"Күздүн келиши менен жалбырактарды көп өрттөп жатышат. Муниципалитет бул үчүн "Укук бузуулар жөнүндө" кодекске ылайык, 7 500 сомдон 23 миң сомго чейин административдик айып каралганын эскертти. Себеби кургак чөп күйгөндө химиялык зыяндуу заттар бөлүнүп чыгат. Бул адамдын организмине, айлана-чөйрөгө коркунучтуу. Мындан тышкары, шамалдын деми көбүнчө өрткө, оор кесепеттерге алып келет. Түшкөн жалбырактарды компост жасоого болот, бул өсүмдүктөр үчүн жакшы жер семирткич ", — деди мэрия өз билдирүүсүндө.
Маалыматта мындай эрежени бузган Бишкектин эки тургунуна айып салынгандыгы белгиленген.