Муратбек Азымбакиевге Кыргызстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык даражасы ыйгарылды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабарлады.
Муратбек Азымбакиев Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетин жана Орусиянын дипломатиялык академиясын аяктаган. Тышкы иштер министрлигинде узак жылдар эмгектенген.
2022-жылдын 19-майынан бери президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетектеп келет. Дипломатиядагы кызматтын 1-класстагы кеңешчиси.