Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кореяга расмий сапарынын алкагында Сеулда Токой секторунда кызматташуу боюнча Азия уюмунун аткаруучу директору Рикардо Кальдерон менен эки тараптуу жолугушту.
Рикардо Кальдерон Кыргызстанды, Айыл чарба министрлигин ушул жылдын сентябрь айында Токой секторунда кызматташуу боюнча Азия уюмуна кириши менен куттуктады.
Кулубаев Кыргызстан тарабынан тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрү жана чакырыктары менен күрөшүүгө багытталган «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык – 2023-2027-жылдар» жалпы аталышындагы иш-чаралар комплексин өткөрүү демилгесин белгиледи.
Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылынын алкагында өткөрүлүп жаткан «Жашыл мурас» улуттук көчөт отургузуу кампаниясын өткөрүү боюнча демилгеси учурда ишке ашырылып жатканын билдирди. Кыргызстандын жогоруда белгиленген жашыл демилгелерин колдоо өтүнүчү менен кайрылды.
Тараптар айлана-чөйрө, экология жана токой чарбасы жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдары менен тыгыз өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн макулдашышты жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жана кеңейтүү үчүн күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.