Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Турак жай-курулуш департаментинин Нарын облустук башкармалыгы мектеп курууга тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар парталында жарыялангандай, мектепти Кочкор районундагы Кара-Суу айылында куруу пландалууда.
Мектеп 375 окуучулук орунга ылайыкташтырылат. Тендердин суммасы 126 млн 582 миң 708 сомду түзөт, сынактык табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 4-ноябрга чейин.