Жаңылыктар
Жалал-Абадда көмүрдүн тоннасы 5 миң сомдон сатылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абадда көмүрдүн тоннасы 5 миң сомдон сатылууда

Жалал-Абад шаарында көмүрдүн тоннасы 5 миң сомдон сатылууда. 

Шаардык мэриядан билдиргендей, шаарда көмүрдүн тоннасын 5 миң сомдон сата турган жай уюштурулду. 22-октябрга карата Курманбек көчөсү №6 дарегинде 40 тоннага жакын көмүр түшүрүлүп, жарандарга сатылууда. 

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков суроо-талапка жараша көмүр үзгүлтүксүз негизде ташылып турарын белгиледи. 

Иштер президент Садыр Жапаровдун кышка карата даярдык көрүү жана элди арзан баадагы көмүр менен камсыздоо боюнча тапшырмасына ылайык жүргүзүлүүдө.