Жаңылыктар
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэни кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэни кабыл алды

 Эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы мамилелерди, дипломатиялык кызматташтыктын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында Кыргызстан Тышкы иштер министринин Кореяга расмий сапарын уюштурууну талкуулашты. Корея элчиси акыркы жылдардагы кыргыз-корея мамилелеринин өнүгүүсүнүн жогорку динамикасына оң баа берди. Октябрь айында “Борбор Азия – Корея Республикасы” кызматташтык форумунун 15-жыйынына катышууга кыргыз тараптын даярдыгына өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар саламаттыкты сактоо, санариптештирүү, туризм, экономикалык коопсуздук, экология жана энергетика сыяктуу тармактарды камтыган Форумдун 15-жыйынынын күн тартибинин актуалдуулугун белгилешти.