Казакстандын Астана шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт.
Анын алкагында "Кыргыз киносунун күндөрү", жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган тегерек стол жана кыргыз-казак элинин артисттери, сүрөтчүлөрү, акын-жазуучулары, кино ишмерлери, илимдин докторлору, академик, коомдук ишмерлеринин жолугушуусу болот.
27-октябрда маданият күндөрүнүн расмий ачылышына карата Кыргызстандын искусство чеберлеринин гала-концерти өтүп, театр фойесинде Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарынын жана кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү орун алат.
28-октябрда "Манас" эпосуна арналган иш-чара жана Нурдин Тугелов атындагы мамлекеттик "Ак марал" бий ансамблинин, Чалагыз Исабаев атындагы "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин концерттери болот.
29-октябрь күнү Кыргызстандын маданият күндөрүнүн салтанаттуу жабылышы өтүп, анда Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын "Саманчынын жолу" спектакли коюулат.
Кыргызстандын маданият күндөрүнүн делегациясын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов жетектеп барат. Кыргызстандан бул маданий саамалыкка 300дөн ашуун адам баруусу күтүлүүдө.