Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу боюнча координациялык топтун кеңеши Баткен облусундагы жабыр тарткан калктын эң курч гуманитардык муктаждыктарын чечүүгө багытталган иш планын жарыялады.
Эл аралык уюмдардардын өкүлдөрү катышкан жыйында гуманитардык иш план менен Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев жана БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве тааныштырды.
Муктаждыктын тизмеси сентябрь айында калктын гуманитардык муктаждыктарын тез баалоо миссиясынын корутундуларына, ошондой эле башка баалоо жана сектордук анализдерге негизделген.
Азык-түлүк жардамы, кыш алдында негизги тиричилик буюмдарын жана тиешелүү кийимдерди, гигиеналык жана санитардык буюмдарды сатып алуу, жер которгон калк үчүн убактылуу баш калкалоочу жайларды камсыз кылуу, негизги медициналык кызматтарды камсыздоо, анын ичинде психологиялык жардам жана юридикалык колдоо зарылчылыгы тизмеге алынган.
Иш план үч айлык мөөнөт аралыгында жапа чеккен жарандардын эң кечиктирилгис гуманитардык муктаждыктарын чечүүгө багытталган жана алардын эң аялуу катмарынын 77 миңден ашуунун камсыз кылуу үчүн донорлорду 14,7 миллион доллар каржылоого чакырат.
Эл аралык уюмдар каржылык колдоого даяр болуп, азыркы күндө баштапкы 1 млн доллар которулду.