Бишкектеги Ленинград блокадачыларынын мемориалдык комплексинде митинг-реквием болуп өттү.
Анда “Эстелик каттамы” деп аталган жүрүштүн акциясы расмий башталып, старт алды. Иш-чаранын алкагында Ленинград блокадасынын күбөлөрү, алардын небере-чөбөрөлөрү, Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучулары жана жаштар Ысык-Көлдөгү жетим балдар үйлөрүн кыдырып, согуш жылдарындагы тарыхты эскерип гүл коюп, ызаат кылып келгени жатышат.
Анткени каардуу согуш жылдарында Ленинград блокадасында камалып калып, кийин аман-эсен чыккан балдар дал ушул жетим балдар үйлөрүнө жайгаштырылган. Кийин ошол жактан тарбия көрүп, эрезеге жетип чоңоюп чыгышкан.