Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ереван шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты. 

Ал быйыл Кыргызстан ЕАЭБ органдарына төрагалык кылып жатканын айтып, жыйын татаал геосаясий жана геоэкономикалык кырдаалга туш келгеннин белгиледи. 

Жыйындын күн тартиби маңыздуу жана Евразиялык экономикалык биримдик үчүн эң маанилүү актуалдуу маселелерди камтыйт.