Жаңылыктар
Айыл чарба өндүрүшүнүн өсүү темпи 11 пайызга көбөйөт
Кыргызстан жаңылыктары
Айыл чарба өндүрүшүнүн өсүү темпи 11 пайызга көбөйөт

Өлкөнүн айыл чарба продукциясынын өсүү темпи былтыркыга караганда быйыл 11 пайызга көбөйүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров айыл чарба министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарада сүйлөп жатып билдирди. 

Өлкө башчысы республиканын айыл чарба секторунда акырындык менен алгылыктуу жылыштар боло баштаганын айтып, мамлекеттик колдоонун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу эки жарым эсеге, же тактап айтканда 27 млрд сомго жакын көбөйгөнүн белгиледи. 

Тамак-аш жана кайра иштетүү секторунда быйыл эле жаңы 29 ири жана орто ишкана, 46 кичи ишкана түзүлүп, бул ишканаларда жаңы 750 жумуш орду пайда болгон. 

Ошондой эле, Мамлекет башчысы дыйкандар менен фермерлерге алты пайыздык үстөк менен берилип жаткан насыялар кийинки жылдарга карата дагы көбөйтүлө турганын белгилеп өттү.