Жаңылыктар
Кышкы ЖРТга каттоо башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кышкы ЖРТга каттоо башталды

Жогорку окуу жайларга өтүү үчүн кышкы жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды. 

17-октябрдан 28-октябрга чейин Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун электрондук платформасында райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу онлайн жүргүзүлөт. 

Каттоодон өтүү үчүн паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк, орто билим же кесиптик орто билим жөнүндөгү аттестат, ЖРТга каттоо акысын төлөгөндүгүн тастыктаган дүмүрчөк, талаптарга ылайык келген электрондук сүрөт. 

Кышкы кабыл алуу боюнча ЖРТга каттоо акысы ар бир абитуриент үчүн негизги тестке жана ар бир предметтик тестке 370 сомду түзөт. Банктардын комиссиясы өзүнчө төлөнөт. 

Жогорку окуу жайларына өтүү үчүн негизги тестти сөзсүз тапшыруу керек. Жалпы республикалык тестирлөө 24-30-ноябрь аралыгында жүгүзүлөт.