Мамлекеттик коргонуу жөндөмүн чыңдоо жана аскердик коопсуздукту камсыздоо максатында атайын каражат бөлүнүп, ага техникалар алынат. Бул тууралуу Коргоо министри Бактыбек Бекболотов тогуз айда аткарылган иштердин жыйынтыгы жана алдыдагы пландары тууралуу өткөн маалымат жыйында билдирди.
Учурда «Печора 2БМ» зениттик-ракеталык комплекс алуу боюнча Минскте болгон жолугушууда «Белтехэкспорт» менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгон. Бул жаңы модернизацияланган комплекс радиолокация менен бардык зыяндуу заттарды табат. Октябрдын аягына чейин Кыргызстанга алынып келинип, Баткен облусуна жөнөтүлөт.
Мындан сырткары экономикалык абалга карабай аскер кызматкерлеринин айлык акылары август айынан баштап көтөрүлгөн. 2022-жыл башталары менен өлкөнүн куралдуу күчтөрүн оор сыноолор коштоп, алгач Казакстандагы окуяга байланыштуу атайын топ Алматы шаарына барып ЖККУнун алкагындагы милдетин аткарып келди. Баткенде чек арада тажик тараптын агрессиясына туруштук беришти.