Ноокат райондук сотунун сот аткаруучусу кармалды.
Маалыматка ылайык, ал мыйзамсыз курулушту бузуу боюнча соттун чечимин аткаруу үчүн жарандан 500 доллар талап кылып, 14 миң сом алып жаткан учурда кармалган.
Сот аткаруучу учурда УКМКнын Ош шаары жана облус боюнча башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.