Жаңылыктар
Баткенде Тажикстандан контрабандалык жол менен кирген 2 млн 750 миң доллар алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде Тажикстандан контрабандалык жол менен кирген 2 млн 750 миң доллар алынды

Баткенде Тажикстандан контрабандалык жол менен кирген 2 млн 750 миң доллар алынды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Бак айылынын 41 жаштагы тургундун башкаруусундагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаадан желим баштыктарга таңгакталган алты брикет же 2 млн 750 миң доллар табылган. 

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси болушу мүмкүн болгон Кыргызстандын төрт жараны кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “Экономикалык контрабанда” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери козголду.

Учурда тиешелүү тергөө жана ыкчам аракеттер көрүлүүдө.