Жаңылыктар
Илим Карыпбеков: Чек араны тынчтык жолу менен чечишибиз керек
Кыргызстан жаңылыктары
Илим Карыпбеков: Чек араны тынчтык жолу менен чечишибиз керек

“Чек араны тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен гана чечишибиз керек”. Мындай пикирин Илим Карыпбеков социалдык тармактардагы баракчасына жазды. 

Ал Үңкүр-Тоону мисал кылып, буга чейин анын тегерегинде болуп келген талаш-тартышты эстен чыгарбоого чакырды.

“Үңкүр-Тоону мурда эле биздики болчу” деп популисттик кылган саясатчылардан сурайт элем. Колуңарда СССРдин, Кыргыз ССРинин, Өзбек ССРинин карталары барбы? Деги силер ошол карталарды өмүрүңөрдө бир жолу көрдүңөр беле? Албетте жок. Алардын картасында турат. Эми мындан ары Кемпир-Абад деген саясатты токтоткула, туугандар. Сасык планыңар ишке ашпай калды. Бийлик башында таза, мекенчил инсан олтурат. Мекенчилдик сен экөөбүздүкү 10 пайыз болсо аныкы 100 пайыз экенине толук ишенем. Иши менен далилдеп келе жатат. Архивдерден издесеңер четинен табасыңар. Бир метр жерибизди бербейт!", - деп жазган Илим Карыпбеков.