Жаңылыктар
Мал уурулук боюнча шектүү топ кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Мал уурулук боюнча шектүү топ кармалды

Оштун Кара-Суу районунда 210 миң сомдун малын уурдаганга шектелип кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Билдирүүгө караганда, Кара-Суу райондук милициясына 3 жаран арыз менен кайрылып, өздөрүнө таандык мал жандыктарын белгисиз жарандар уурдап кеткендигин билдиришкен. 

Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Кара-Суу районунун аймагында малды сатып жаткан жеринен 27, 31жана 22 жаштагы жарандар кармалган. 

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Уурдоо” беренесинин негизинде иш козголгон. 

Шектүү жарандар милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, алардын мындан башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.