2023-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 15 пайызга жогорулатуу пландалууда. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Улан Жума уулу билдирди.
Ушул тапта соцфонддун бюджети бекитилип жатат. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 1,5 млрд сомго көбөйтүү пландалууда. Ал эми базалык бөлүгү канча болот, бюджет бекитилгенден кийин маалым болот.
Айта кетсек, 1-октябрдан тартып пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сомго чейин көбөйүп, ал эми пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 15 пайызга жогорулады.
Жалпы жонунан пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы боюнча жалпы пенсиянын орточо өлчөмү 8 080 сомду түздү.