Милиция Токмок шаарындагы мал базарда карыянын акчасын уурдагандарды издеп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган факт Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө катталып, териштирүү иштери башталды.
"Учурда карыянын акчасын уурдаган кылмышкерлерди таап, мыйзам чегинде чара көрүү боюнча иштер жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Токмок шаарындагы мал базарда 120 миң сом акчасын уурдатып, ыйлаган карыянын видеосу тараган.