Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешип айыл чарба техникаларын жана автоунаа чыгарууну пландоодо. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаевдин Өзбекстандын вице-премьер-министри - инвестиция жана тышкы соода министри Жамшид Ходжаев менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.
Мындан тышкары, тараптар эки өлкөнүн аймактарында даяр текстиль, фармацевтика, курулуш жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү боюнча биргелешкен долбоорлордун санын көбөйтүүнү макулдашты.
Жыйында кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду буга чейин шаардык транспорт тармагындагы 1 млн 850 миң долларлык долбоорду каржылай баштаганы айтылып, фонддун каражатын тартуу менен жип ийрүүчү ишкана түзүү долбоорун каржылоону иштеп чыгуу жана Кыргызстанда алгачкы травертинди кайра иштетүү боюнча долбоорду биргелешип ишке ашыруу келишимине жетишилди.