Жаңылыктар
УКМК "Манесар-Антитеррор" машыгуусуна катышты
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК "Манесар-Антитеррор" машыгуусуна катышты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “Манесар-Антитеррор-2022” деп аталган ШКУга мүчө мамлекеттердин биргелешкен антитеррордук машыгуусуна катышты. 

Иш-чара Индиянын Манесар шаарында ШКУнун аймактык антитеррордук түзүмүнүн аткаруу комитетинин координациялоосу менен өттү. ШКУга мүчө бардык мамлекеттердин компетенттүү органдары катышкан бирдиктүү пландын алкагында макулдашылган Биргелешкен антитеррордук машыгуу иш-чаралары бир нече этап менен болду. 

Машыгуунун финалдык этабы Индиянын Улуттук коопсуздук гвардиясынын окуу борборунда өттү. Биргелешкен антитеррордук машыгуу учурунда, ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда маалымат алмашуунун реалдуу убакыт режиминде механизмдери, атайын антитеррордук бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин практикалык чеберчилигин жогорулатуу менен бирге, ШКУнун Биргелешкен антитеррордук машыгуу ишмердүүлүгүнүн алкагында мурда түзүлгөн Коопсуз маалыматтык-телекоммуникациялык байланыш тутумун пайдалануунун натыйжалуулугу жана өз ара аракеттенүүнүн башка каналдарынын мүмкүнчүлүктөрү текшерилди. 

Антитеррордук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча тажрыйба алмашуу болуп, бул жаатта кызматташууну мындан ары жакшыртуу боюнча демилгелер талкууланды.