Жаңылыктар
Нью-Делиде кыргыз искусство чеберлеринин концерти өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Нью-Делиде кыргыз искусство чеберлеринин концерти өттү

Нью-Делиде Кыргызстан менен Индия Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамблинин жана “Ак Марал” мамлекеттик бий ансамблинин салтанаттуу концерти өттү. 

Иш чаранын ардактуу коноктору болуп Индиянын Тышкы иштер министрлигинин астындагы Маданий байланыштар боюнча индия кеӊеши, парламенттин мүчөсү, жана ошондой эле Индиянын Мамлекеттик Тышкы иштер министри катышты. 

Ошондой эле Нью-Делиде аккредитациядан өткөн дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, маданият ишмерлери жана Индияда жашаган Кыргызстандынжарандары катышты. 

Кыргызстандын Индиядагы Элчиси Асеин Исаев өз сөзүндө кыргыз-индия мамилелеринин 30 жылдык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын, ошондой эле келечектеги пландарды белгиледи. 

Индиянын Мамлекеттик Тышкы иштер министри өз кезегинде Кыргызстан менен Индия Республикасынын ортосунда 30 жылдан бери дипломатиялык мамилелер түзүлүп, өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарында жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген терең өз ара түшүнүшүү бар экенин баса белгиледи.