Жаңылыктар
Дүйнөлүк банк Кыргызстанда энергетика тармагын реформалоону колдойт
Кыргызстан жаңылыктары
Дүйнөлүк банк Кыргызстанда энергетика тармагын реформалоону колдойт

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын энергетика тармагын реформалоону колдорун ырастады. Ушул күндөрү Вашингтондо Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйыны өтүүдө. 

Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, кыргыз тараптан жылдык жыйынга экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, каржы министри Алмаз Бакетаев, Эл аралык валюта фондунун кеңешчиси Толкунбек Абдыгулов катышууда. 

Аталган иш-чаранын алкагында Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун жетекчилиги менен, атап айтканда, Дүйнөлүк банктын инфраструктура боюнча вице-президенти Риккардо Пулити, Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча вице-президенти Анна Бьерде, ошондой эле Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Наквинин катышуусу менен бир катар жолугушуулар өткөрүлдү. 

"Жолугушууларда тараптар бир катар маселелерди, анын ичинде энергетика, транспорт, агробизнес, туризм жана жеке секторду өнүктүрүү сыяктуу тармактарда кызматташуунун келечегин талкуулашты. Жолугушуулардын жүрүшүндө Дүйнөлүк банк Кыргызстандын энергетика тармагын реформалоону, ошондой эле дүйнөлүк азык-түлүк жана энергетикалык кризистин, инфляциянын өсүшүнүн кесепеттерин жумшартууда КР министрлер кабинетине көмөк көрсөтүүнү колдой тургандыгын ырастады", - деп айтылат билдирүүдө.