Астанада өткөн Азиядагы ишеним чаралары боюнча кеңешменин VI Саммитинин алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук Азия боюнча Башкы катчысынын Атайын өкүлү, БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча Аймактык борборунун башчысы Наталья Герман менен эки тараптуу жолугушту.
Жээнбек Кулубаев Тажикстандын Кыргыз Республикасына карата жасаган куралдуу аракеттери жана Кыргызстандын жапа чеккен чек ара аймактарындагы учурдагы абал тууралуу айтып, кыргыз тарап бардык талаштарды саясий жана дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен чечүү принциптерин карманарын баса белгилеп, ошондой эле Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин жана эки тараптуу келишимдерди сактоого умтула турганын ырастады.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы БУУнун Борбор Азиядагы превентивдүү дипломатия боюнча Аймактык борборунун конфликттик кырдаалдардын алдын алуудагы, ошондой эле региондун мамлекеттеринин ортосундагы чыр-чатактын курч фазаларына өз убагында чара көрүүдөгү маанилүү ролун белгилеп, Аймактык борборду бул багытта жигердүү иш алып барууга чакырды.