Президент Садыр Жапаровдун Казакстанда иш сапары уланууда.
Мамлекет башчысы Астанада Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны жана «Борбор Азия+Россия» Мамлекет башчыларынын саммитине катышат.
Казакстандын борборунун Эгемендүүлүк сарайында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI Саммити өттү.
Иш-чарага кыргыз Президенти Садыр Жапаров жана Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин жетекчилери катышты.
Уюм Азия континентинин 90%ын камтып, бул ирет Кувейттин кеңешке кошулушу менен 28 мүчө мамлекетке чейин көбөйдү.