Жаңылыктар
Бишкек мэриясы Баткен элин убактылуу үйлөр менен камсыздады
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек мэриясы Баткен элин убактылуу үйлөр менен камсыздады

Борбор калаанын мэриясы ишкерлердин колдоосу менен мамлекеттик чек арадагы жаңжалдан жабыркаган Баткен облусунун тургундарын убактылуу үйлөр менен камсыз кылууда. 

Темир контейнерлерде бардык керектүү шарттар түзүлгөн. Буга чейин да мындай 16 үй жөнөтүлгөн. Жакынкы аралыкта дагы 12 контейнер Баткен облусуна жиберилет. Бардыгы болуп 50 контейнер даярдалат. 

Контейнерлер жана жардамдар Бишкектеги соода борборлору, базарлар жана курулуш компаниялары тарабынан берилди.